• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда эки унаа кагышып, айдоочу кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 330-чакырымында (Өрнөк айылы) Honda Odyssey менен Volkswagen Passat унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен Volkswagen Passat унаасынын 48 жаштагы А.К. аттуу айдоочусу кыпчылып калган.

Куткаруучулар кыпчылып калган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий