• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Атада жол кырсыгынын кесепетинен бир жаран каза болуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-февралда Ысык-Ата районуна караштуу “Бишкек-Нарын-Торугарт" айланма унаа жолунун 29-чакырымында оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 22 жаштагы Н.А. аттуу эркек киши жеринде каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ошондой эле кырсыктан 25 жаштагы эки эркек киши жабыркаган, алар тез жардам унаасы менен Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий