• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда кырсыктан 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Чүй районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 63-чакырымында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя катталган жерге ыкчам түрдө 4 куткаруучу тартылып, Toyota Avensis жана Subaru Outback унаалар кагылышкандыгы аныкталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 жаран - 69 жаштагы эркек жана 65 жаштагы аял каза болду.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий