• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.18. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 6-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 25-июнда болжол менен саат 14:30да катталган.

“Оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагылышкан. Кырсыктын натыйжасында жеринде 1 адам каза болуп, 3ө жаракат алган. Учурда алардын өздүгү такталууда”, - деп кабарлашты ӨКМден.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий