• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Бишкек-Новосибирск” жана “Ош-Новосибирск” каттамдарынын үзгүлтүккө учурашынын себеби айтылды

Коом 0

Бишкек, 04.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев “Бишкек-Новосибирск” жана “Ош-Новосибирск” каттамдарынын үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, Россиянын Транспорт министрлигинин Аба каттамдары федералдык агенттигинин Россиядагы бардык авиакомпанияга жөнөтүлгөн радиограммасына ылайык, коронавирустун жайылуусун алдын алуу штабынын чечими менен транзиттик жүк ташуу рейстерди аткаргандан кийин адамдардын кирүүсүнө уруксат берилген.

undefined

"Аба каттамдардын жумасына бир жолу аткарылуусу калыбына келтирилген. Россиянын федералдык агенттиги тарабынан жөнөтүлгөн радиограмманын негизинде "Сибирь" авиакомпаниясы өзүнүн бардык өнөктөштөрүнө, анын ичинде Россиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө маалымат тараткан. Анда "Бишкек-Новосибирск" жана "Ош-Новосибирск" каттамдары боюнча билеттердин сатуусуна уруксат берилгени көрсөтүлгөн. Бул маалымат Россия тарабынан үзгүлтүксүз каттам экендиги тастыкталбагандыктан 3-ноябрда Россиянын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтынан алынып салынган", - дейт ал.

Акышев белгилегендей, аталган радиограмма Россиядан чет өлкөгө уча турган жалаң чартердик каттамдарга гана тиешелүү болгон.

"Учурда "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" авиакомпаниялары "Бишкек-Москва" багыты боюнча жума күндөрү учуп жатат. Бул үзгүлтүксүз авиакаттам. Билеттердин баасы кымбат жана анын жетишсиздиги боюнча Россиянын Транспорт министрлигине жолдомо жөнөттүк. Азырынча жооп келе элек", - деп кошумчалады Акышев.

"Сибир" авиакомпаниясынын өкүлү Айдар Океновдун айтымында, өткөн жумада авиакомпания "Бишкек-Новосибирск", "Ош-Новосибирск" багыты менен учуу боюнча техникалык себептерден улам уруксат алган.

"Тилекке каршы, биз билеттерди сатууну жүргүзгөнбүз. Болжол менен 600 билет сатылып кеткен. Бул үчүн кечирим сурайм. Авиакомпания компенсация төлөп берет: билеттердин баасынын суммасын жана коронавирусту аныктоочу тестке кеткен чыгымды", - деди Окенов.

Эскерте кетсек, буга чейин “Бишкек-Новосибирск” жана “Ош-Новосибирск” багыты боюнча аба каттамдар жанданып жаткандыгы тууралуу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий