• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«Бишкек-Ош» автожолунда айдоочулардын бири-бирине тилектештигинин жоктугунан автотыгын жаралууда

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. «Бишкек-Ош» автожолунда айдоочулардын бири-бирине тилектештигинин жоктугунан автотыгын жаралууда деп билдирди КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 20-февралында күндүзгү саат 16.00дө 223-224 км аралыкта карды атып түшүрүүдөн 14 миң 400 кубометр кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

“Жолчулардын аракетинен улам 21-февралда түнкү саат 01:30да жол кар көчкүдөн тазаланып ачылган. Бирок чогулуп калган автотранспорттордун айдоочулары 218 км - 220 км аралыкта жол эрежесин сактабастан, биринен бири ашып айдап, 3-4 катарды түзүшүп, маңдайда келе жаткан автотранспорттун өтүүсүнө жолтоо болушуп, автотыгын жаратышкан. Учурда автотыгынды 23-жол экслуатациялык ишканасынын кызматкерлери менен Кайгуул милициясынын 3 кызматкери жөнгө салууда”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий