• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош автожолунда эки унаа кагышып, жүргүнчүлөр жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бишкек-Ош автожолунда эки унаа кагышып, жүргүнчүлөр жаракат алды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош трассасынын 258-чакырымында Toyota Sequoia жана Daewoo Nexia үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Кырсыктан 43 жана 20 жаштагы эки аял жабыркаган.

Жерине барган куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий