• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош трассасына кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылды

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Бишкек-Ош трассасына кар көчкү түшүп, жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта болжол менен саат 16.00дө Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында (Чычкан капчыгайы) 35 м3 көчкү түшкөн. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

"Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылды", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий