• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош трассасына таш түшүп, унаа жол жабылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымына таш түшүп, трасса жабылып калган. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 13-мартта түнкү саат 00:30дар чамасында болгон. Натыйжада унаалардын кыймылына 2-3 сааттай тоскоол болгон.

Учурда жеңил унаалар жүрүп жатат жана жолду таштардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий