• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек — Ош трассасында эки унаа кагышып, бир киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкек — Ош трассасынын 384-чакырымында 23-январда "ВАЗ Жигули" автоунаасы менен “Мерседес-Бенц Спринтер” жүргүнчү ташыган автоунаасы кагылышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен биринчи унаанын 1985-жылы туулган Т.М., аттуу айдоочусу каза болгон.

Ал эми экинчи унаанын ичинде айдоо жана 9 жүргүнчү болгон, алардын төртөө жеңил жана оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык ЖДПБ ооруканасына жеткирилген.

Кырсык катталган жерге төрт куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий