• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек – Ош трассасында катталган ири жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды — аты-жөнү

Кырсык 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкек – Ош трассасындагы ири жол кырсыгынан каза болгондордун саны 8ге жетти, түнү реанимацияда 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жумган. Бул тууралуу "Кабарга" Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында "КамАЗ", Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМ кырсыктан жабыркагандардын өздүгүн тактаган, алар:

- Н.К., 1986-жылы туулган эркек киши;

- М.Ж., 1985-жылы туулган эркек киши;

- Ч.К., 1995-жылы туулган эркек киши;

- Ш.У., 1981-жылы туулган эркек киши;

- А. уулу Н., 1996-жылы туулган эркек киши;

- Ж. уулу А., 1997-жылы туулган эркек киши;

- М. кызы Ч., 1995-жылы туулган кыз;

- Т.А., 1963-жылы туулган аял;

- М.А., 1989-жылы туулган аял;

- М. кызы Н., 1994-жылы туулган кыз;

- Э. кызы Г., 1999-жылы туулган кыз;

- А.Г., 2000-жылы туулган кыз

- З.Ж., 2014-жылы туулган бала;

- Т.А., 2016-жылы туулган бала;

- С.Н., 2021-жылы туулган бала;

- М.А., 2011-жылы туулган бала.

Жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды.

- Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 1961-жылы туулган О.А., аттуу жашоочусу;

- Кара-Суу районундагы Каарман айылынын 1970-жылы туулган А.Ж., аттуу жашоочусу;

- Кара-Суу районундагы Учкун айылынын 1965-жылы туулган М.Г., аттуу жашоочусу (аял);

- Кара-Суу районундагы Учкун айылынын 1960-жылы туулган Т.О., аттуу жашоочусу (аял);

- Кара-Суу районундагы Каарман айылынын 2001- жылы туулган Н.Б., аттуу жашоочусу (кыз);

- 20-25 жаштагы бош бойлуу келин;

- 20-25 жаштагы кыз;

- 17-ноябрда түндө реанимация бөлүмүндө 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий