• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош трассасында оор жүк ташуучу унаа күйүп, адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0


Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа күйгөн. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык катталган аймакка бир өрт өчүрүүчү эсеп тартылган. Өрт саат 15:42де чектөөгө алынып, саат 17:00дө толугу менен өчүрүлдү.

"Өрттүн кесепетинен унаанын ичинде белгисиз адамдын сөөгү табылды. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий