• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек — Ош трассасында унаа оодарылып, бир аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бишкек — Ош трассасында унаа оодарылып, бир аял жабыркады, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 393-чакырымында (Кара-Көл шаары) “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсык кечээ, 4-ноябрда болжол менен саат 16:05те катталган.

Кырсыктан 1957-жылкы М.Д., аттуу аял жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий