• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек – Ош трассасында жол кырсыгы катталып, дарыяга мазут төгүлдү (сүрөт)

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кечээ, 4-мартта Бишкек – Ош автоунаа жолунун 409-чакырымында саат 12:00дөр чамасында мазут ташыган унаа жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Бирок, мазут дарыяга төгүлгөн, айлана-чөйрөгө коркунуч жаралбагандыгы кабарланды.

Окуя болгон жерге барган инспекциянын аймактык башкаруу кызматкерлери акт түзүшкөн. Териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий