• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек – Ош трассасындагы кырсыктан үч адам каза болуп, алтоо жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Токтогу районунда Бишкек – Ош трассасынын 310-чакырымында «Хонда Одиссей» жана «Тойота Фораннер» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсык 12-октябрда болжол менен саат 13:48де болгон.

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, кырсыктан үч адам каза болгон: 53 жаштагы эки киши жана 50 жаштагы аял. Андан тышкары, дагы алты адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, маркумдардын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий