• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунуда, Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында дароо эки жолу кар көчкү түшкөн,-деп кабарлайт ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 11-мартта кар көчкүнүн биринчиси саат 11:00дө экинчиси 13:00 чамасында түшкөн.

Натыйжада унаа жол убактылуу жабылган. Билдирүүгө ылайык, адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Унаа жол саат 16:30да толугу менен тазаланып, каттам үчүн ачылган.

Пикир

Оставить комментарий