• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолун кардан тазалоо иштери уланууда (сүрөт)

Коом 0


Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери уланууда,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, тартылган техникалардын жардамында 246-чакырымга түшкөн кар көчкүнүн 130 000м3 кар көчкүсү тазаланган.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, кечээ, саат 21.30да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. Бүгүн карды тазалоо иштери кайрадан улантылат”-деп кабарлашты ӨКМден.

“Тартылган техникалардын жардамы карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары КР ӨКМ тарабынан Токтогул районунун “Арал” постунда 2 чатыр, кар көчкү түшкөн тилкеде 2 чатыр, Жайыл районунун “Сосновка” постундагы 2 мобилдик турак үйдө жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган”,-деп билдиришти ӨКМден.

Андан тышкары, Талас районунун Талды-Булак айылында №36 ЖТИнин имаратында жана Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында жүргүнчүлөргө ысык чай, тамак-аш уюштурулган.

Учурда кар көчкүтүшкөн жерде куткаруучулар жана атайы техникалар иштеп жатат.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-мартында болжол менен саат 22:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптан тең толугу менен каттам үчүн жабылган. Азырынча жол качан ачыла тургандыгы жөнүндө маалымат жок.

Алдын ала маалымат боюнча кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий