• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкек — Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган трассанын 207-чакырымында үч жерде кар көчкү түшүп, жолдун бир тарабын жаап калган.

"Биринчи жерде 3,600 куб метр, экинчи жерде 600 куб метрди түзөт. Жолдун бир тарап жагын жаап калган кар көчкүнүн көлөмү 1530 куб метрди түзөт. Ал эми үчүнчү жерине 105 куб метр кар көчкүсү түшүп, жолго жеткен эмес. Ошондой эле 208-чакырымында дагы кар көчкү түшүп, жалпы көлөмү 105 куб метрди түзөт, жолго жеткен эмес", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, жабыркагандар жок. Учурда жеринде атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий