• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда техникалар жеринде иштеп жатат. "Кар көчкү болжол менен таңкы саат 06:20лар чамасында түштү. Кар көчкүнүн узундугу 100 метр, бийиктиги 2400 куб метрди түзөт. Учурда жолдун бир тарабы ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, жолду кардан тазалоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий