• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолуна кум, шагыл түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолуна кум, шагыл түшүп, жол жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 431-432-чакырым аралыгында (Разан-Сай айылы) катуу жааган жамгырдын кесепетинен унаа жолго кум, шагыл түшүп, жол жабылган.

Жерине 7 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 манипулятор, 3 кызматкер тартылган. Саат 08:00дө кошумча 15 куткаруучу тартылган. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында (Кара-Көл шаары) жана 451-чакырымында (Таш-Көмүр шаары) посттор уюштурулган.

Министрликтен кошумчалашкандай, саат 10:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Таш кулоодон жабыркагандар жок.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий