• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда 37 тонна күйүүчү майы бар бензовоз кырсыкка учурады

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 364-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, кыйгачынан туруп калган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 6-февралда болжол менен саат 14:45 чамасында катталган.

Унаада "Петролеум" фирмасына таандык 37 тонна бензин болгон.

“Жерине КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жана №30 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, бензинди башка күйүүчү май ташыган унаага насос аркылуу куюшкан”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий