• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда 40 тонна күйүүчү май бар унаа оодарылып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда 40 тонна күйүүчү май бар унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМ патрулдук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 09:40 унаа жолдун 403-чакырымында катталган.

“Фредлайнер” үлгүсүндөгү май ташуучу унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, жолдон чыгып кетип, тосмону сүзүп алып, оодарылып кеткен”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, унаада 40 тонна күйүүчү май бар болгон, анын баардыгы кырсыктын кесепетинен төгүлүп калган.

“Айдоочулардын копсуздугу үчун жол эки тарабынан тең жабылды. Учурда кырсык болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматы жана жергиликтүү патрулдук милициянын өздүк курамы иштөөдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий