• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда бензин ташыган унаа коңторулуп кетти

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 344 чакырымында бүгүн саат 9:00дө мамлекеттик 5118 BS номерлүү бензин ташыган унаа коңторулуп кеткен.

ӨКМ билдиргендей, кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Унаанын айдоочусу Талас облусунун 1977-жылкы тургуну Багдат Темирчиков ооруканага жеткирилген. Анын абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Учурда окуя болгон жерде жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Жеңил унаалар коңторулган унааны айланып өтүшүүдө ал эми, чоң жүк ташуучу машиналар жолдун тазаланышын күтүшүүдө.

“Унаа кырсыгынан андагы күйүүчү май төгүлгөн эмес. Аны учурда башка унаага куюп жатышат. Эки сааттын аралыгында аталган иштер аяктап, жол толугу менен ачылат”,-деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий