• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда үч унаа кагылышып, 8 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 8 адам каза болуп, 3 жаран ар кандай жаракаттарды алган деп билдирет ӨКМ министрлигинин басма-сөз кызматы.

Жол кырсыгы бүгүн саат 06:00 чамаларында Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымындагы Таш-Көмүр шаарында орун алган. Анда үч унаанын сүзүшкөнү айтылууда. “MAN” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада эки адам болгон, «Хонда Одиссейде» - 6, жана «Хонда Степвагондо» - 9 жаран бар болгон.

Маалымдалгандай, жол кырсыгынын кесепетинен «Хонда Степвагондун» сегиз жүргүнчүсү бирдей каза болгон. Анда -4 эркек, 3 аял жана 5 жашар кыз болгон.

Пикир

Оставить комментарий