• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда кайрадан чектөөлөр киргизилет

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулап, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү коркунучуна байланыштуу 23-марттан тарта 27-мартка чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Таңкы 06:00да кайрадан бардык посттор ачылат.

Андыктан, КР ӨКМ жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маалы алыскы сапарга чыкпоону эскертет. Ведомствонун басма сөз кызматы кошумча маалымат берилерин билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий