• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү бензовозду басып калды

Кырсык 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү бензовозду басып калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 15:10 дор чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 131-чакырымында кар көчкү түшүп, анча алыс эмес жерде жүрүп бара жаткан 2 бензовозду басып калган.

“кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол убактылуу жабылды, жабыркагандар жок”,-деп билдирди ӨКМ.

Пикир

Оставить комментарий