• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүдөн улам каттам убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 28.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүп, каттам убактылуу жабылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Кар көчкү болжол менен саат 13:30 чамасында унаа жолдун 260-чакырымында катталды.

Учурда жеринде атайын техника иштеп жатат.

ӨКМден кабарлашкандай, жабыркагандар жок.

ӨКМ ошондой эле Чаткал районундагы Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырымында жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка 99-100-чакырымында жер көчкү түшкөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий