• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-265-чакырымдарында 29-ноябрдан 5-декабрга чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкүнү атып түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан 1 артиллериялык эсеп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынан ӨКМнын ыкчам тобу тартылат.

Кар көчкү түшүрүлүп жаткан тилке убактылуу жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.

“КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат. КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий