• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Кабар/. 2017-жылдын 27-декабрынан 29-декабрына чейин жаап өткөн жана туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымдарында жана Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМнен маалымдашкандай, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий