• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Аймак 0

Бишкек. 05.03.19 /Кабар/. Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бишкек-Ош жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Ушундай абал Ала-Бука – Каныш-Кыя жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош – Сары-Таш –Эркечтам жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу) жана Сары-Таш – Кара-Мык жолунун 98-123-135- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий