• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түштү, жабыркагандар жок

Аймак 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. 2-апрель күнү саат 02:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 208-чакырымында көлөмү 900 кубометр кар көчкү түшүп, анын ичинен 60 кубометри жолго түшкөн.

Анын айынан жол жабылган эмес. Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду кар көчкүдөн тазалоого №9 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган техниканын жардамында, кар көчкү толугу менен тазаланган.

Пикир

Оставить комментарий