• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолунда куткаруучулар нөөмөттө турат

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда куткаруучулар нөөмөттө турат, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа тыгындарын болтурбоо, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында аталган унаа жолдун 129-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 1 даана УРАЛ унаасы, 154-чакырымында (ФАП) 6 куткаруучу нөөмөттө турат.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында (Итагар станциясы) КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 2 куткаруучу 1 даана КамАЗ унаасы менен нөөмөттө турат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий