• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, айдоочу жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында (Кызыл-Бейит тилкеси) “Freightliner” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа жолдун боюнда капталынан туруп калган. Кырсык кечээ, 13-январда болжол менен саат 19:00дө катталган.

Маалыматка ылайык, унаа жол жабылган эмес. Жол кырсыктын кесепетинен айдоочусу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кырсык болгон жерге өрт коопсуздугун сактоо максатында КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык №94 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Өрт катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий