• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 29-сентябрда саат 02:45 катталган.

“Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл айылында “Мерседес-Спринтер” унаасынын айдоочусу жолдо токтоп турган жүк ташуучу “Вольво” үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Натыйжада “Мерседес-Спринтер” унаасынын 1 жүргүнчүсү каза болуп, айдоочусу менен бир жүргүнчүсү жабыркаган. Учурда алар ооруканага жеткирилишкен.”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий