• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаанын прицеби 2 адамды басып калып, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаанын прицеби 2 адамды басып калган, бирөө каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 137 км аралыгында Чүй облусунун Жайыл районунда болгон.

Россия номери менен “МАЗ” маркасындагы жүк ташуучу унаа Тажикстанга багыт алган. Айдоочу унааны токтотуп, жардамчысы экөө аны текшерип жаткан учурда алардын үстүнө прицеп кулап түшкөн. Айдоочу жабыркаган эмес, ал эми жардамчысы каза болгон. Каза болгон адам Тажикстандын жараны болгон.

ӨКМнын куткаруучуларды даярдоо боюнча борборунун куткаруучулары каза болгондун сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий