• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында “ДАF” үлгүсүндөгү мамлекеттик № О 0708 АD оор жүк ташуучу унаа менен “Спринтер” үлгүсүндөгү мамлекеттик № В 0582 АF унаа кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжада, «Спринтер» унаасында болгон 2 (1 аял, 1 эркек) адам жеринде каза болгон жана 2 адам жаракат менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерде КР ӨКМнин №97 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаракат алган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий