• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жеңил авто унаа менен бензовоз кагышып, жыйынтыгында 3 адам күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 574-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон. Бензовоз менен Honda Fit чакан унаасы кагылышып, экөө тең өрттөнүп кеткен.

“Жол кырсыгынын натыйжасында жеңил унаанын ичиндеги 3 адам күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бригадасы келген. Күйүп жаткан 2 унаа жолдон обочорок жылдырылган”,-деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ Бишкек-Ош унаа жолу унаа каттамы үчүн ачык экенин кошумчалайт.

Пикир

Оставить комментарий