• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек — Ош унаа жолундагы каттамга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. Күн мурун, 10-февралда Токтогул районунда кар жаап, калыңдыгы 25-30 см жеткен. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам Жалал-Абад облусунун "Чычкан" бекетинде, Бишкек – Ош жолунун 272-чакырымында эртең мененки саат 07:00дөн баштап оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында жолдорду кардан тазалоо иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий