• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Министрлер Ккабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тактап айтканда, Жапаров автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. Жалпы курулуш иштеринин 85%ы бүткөрүлдү, ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Министрлер кабинетинин башчысы курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий