• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 4 адам жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Кара-Көл шаарында 28-июль күнү саат болжол менен 16:38де Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Жол кырсыгынына 4 адам жабыркаган. Учурда жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Окуя болгон жерге №94 ӨКБ куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий