• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду - видео

Кырсык 0


Бишкек, 27.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 27-июнда таңкы саат 6да Бишкек-Ош унаа жолунда Сосновка айылына жетпей “Лексус” жана жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Агенттикке Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, “Лексус” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

Ошондой эле агенттикке ӨКМден маалымдашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болгон. Алардын үчөө аял кишилер, 1 эркек жана 1 бала, ошондой эле 1 кичинекей кыз жабыркаган, анын өздүгү такталууда.

Жерине келген куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий