• 79.5
  • 83.82
  • 1.46

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 240-чакырымында (Тел-Кайын тилкеси) 3-январда Honda Accord жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 5 эркек киши жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий