• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 403-чакырымындагы Кара-жыгач тилкесинде жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, сайга кулап кеткен, натыйжада 23 жаштагы жаран каза болуп, үчөө жеңил жаракаттарды алышкан, унаа сууга жеткен эмес.

Каза болгон жаранды куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөрү чыгарып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жетирилген, куткаруучулар тактоо иштерин жүргүзүп келишти.

Пикир

Оставить комментарий