• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир аял каза болуп, 2 жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында жол кырсыгы катталган, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-ноябрда болжол менен түнкү саат 03:33төр чамасында токтоп турган “Renault” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын артынан келип “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылкы 1 аял каза болуп, 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий