• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир бала жана үч аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Кечээ, 24-ноябрда Чүй облусунун Бишкек-Ош унаа жолунун 163-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрь күнү саат 23:50 чамасында Суусамыр өрөөнүндө Мерседес-Спринтер жана Хонда-Степ унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 4-5 жаштагы бир бала жана үч аял каза болуп, 11 адам (2 эркек, 6 аял жана 3 кичине балдар) жабыркаган. Учурда баардыгынын өздүгү такталууда.

Окуя болгон жерге Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу, Тез жардам кызматынан бир бригада жана милиция кызматкерлери тартылган.

"Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына, каза болгон жарандардын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий