• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, үч жүргүнчү жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки адам каза болуп, үч жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 663-чакырымында ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун четинде турган SCANIA үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен эки эркек адам каза болуп, үч адам жабыркаган. Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий