• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жабыркады, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 155-чакырымында "Хонда-Степ" жана "Дэу-Нексия" үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан эки эркек киши каза таап, бешөө жабыркаган.

"Куткаруучулар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда. Куткаруу иштерине жалпысынан 6 куткаруучу тартылды", - деп кошумчалашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий