• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан жубайлар каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан карыган жубайлар каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-июлда унаа жолдун 113-чакырымында “Subaru Forester” үлгүсүндөгү унаа Оштон Бишкекке бара жатып, белгисиз себептерден улам карама-каршы тилкеле чыгып, “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзгөн.

Кырсыктын натыйжасында жеринде 69 жаштагы айдоочу жана 67 жаштагы жубайы каза болгон.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу 35 жаштагы Россиянын жараны жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий