• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкек – Ош унаа жолундагы өрт толугу менен өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Жайыл районунда Бишкек – Ош жолунун боюндагы өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрдан тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 101-чакырымында тоонун боорунда куураган чөп күйүп жаткан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМденн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 7 адам тартылган.

Өрттүн кесепетинен 55га куураган чөп күйдү жана анын себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий