• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда унааларга коюлган чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Жайыл районунда 2017-жылдын 2-октябрында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда бороон башталып, болжол менен 128-чакырымында унаа жолго кар күрткүсү топтолуп, жол тыгыны пайда болгондугуна байланыштуу Сосновка өткөрмө постунда саат 02:30да баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын 3-сентябрында саат 12:30да жеңил унаалар үчүн, ал эми саат 13:00до оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынган.

Учурда жол тайгак, туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыгы боюнча шашылыш эскертүү берилген. Адистердин кеңешине маани берип, абайлап жүрүүңүздөрдү эскертебиз!

Пикир

Оставить комментарий